Биз жөнүндө

Мектептин тарыхы. Шапак Рысмендеев атындагы орто мектеби эң алгач Кара-Суу  мектеби болуп 1919-жылы  ачылган. Окуу араб, латын алфавити, кийин 1940-жылы  орус (кирилица) алфавити менен жүргүзүлгөн. Биринчи мугалимдер: Байтереков Чынгыш, Чодуев Дүйшө, Козубеков Кудайбакты, Чоткараев Сарала, Көкөев Абдыке, Нурманбетов Сейитказы, кийин ушул эле мектептен окуп, үч айлык жана бир жылдык курстарда окуп келип мугалим болгондор: Шапаков Исмаил, Шапаков Имаш, Арыков Асран,  Жумабаев Чорто, Бекбоев Мукамбет,  Кудайбергенов Турсуналы,  Ногоев Карыбектер болушкан.

Мектептин тибине карата окуу жылына бөлсөк, 1919-жылдан 1935-жылга чейин башталгыч мектеп, 1935-1948-окуу  жылына чейин толук эмес орто мектеп, 1948-1960-окуу жылына чейин жети жылдык мектеп, 1960-1966-окуу жылы сегиз жылдык мектеп, 1966-жылдан тартып орто мектеп болгон. 1991-жылы  23-ноябрда  Кара-Суу орто мектебине залкар манасчы Шапак Рысмендеевдин ысымы ыйгарылган. 2001-жылы эски мектеп өрттөнүп кетип,  жаңы мектеп 2002-жылы 1-сентябрда пайдаланууга берилген.

.

 

Биз жөнүндө

 

 

Вы можете дать больше информации, так как это редактируемая страница сайта

На этой странице возможно добавить:

  • Текст
  • Фото / Видео / Документы
  • Таблицы
  • Списки
  • Ссылки
  • Разные цвета