Мектептин тарыхы. Шапак Рысмендеев атындагы орто мектеби эң алгач Кара-Суу мектеби болуп 1919-жылы ачылган. Окуу араб, латын алфавити, кийин 1940-жылы орус (кирилица) алфавити менен жүргүзүлгөн. Биринчи мугалимдер: Байтереков Чынгыш, Чодуев Дүйшө, Козубеков Кудайбакты, Чоткараев Сарала, Көкөев Абдыке, Нурманбетов Сейитказы, кийин ушул эле мектептен окуп, үч айлык жана бир жылдык курстарда окуп келип мугалим болгондор: Шапаков Исмаил, Шапаков Имаш, Арыков Асран, Жумабаев Чорто, Бекбоев Мукамбет, Кудайбергенов Турсуналы, Ногоев Карыбектер болушкан.
Мектептин тибине карата окуу жылына бөлсөк, 1919-жылдан 1935-жылга чейин башталгыч мектеп, 1935-1948-окуу жылына чейин толук эмес орто мектеп, 1948-1960-окуу жылына чейин жети жылдык мектеп, 1960-1966-окуу жылы сегиз жылдык мектеп, 1966-жылдан тартып орто мектеп болгон. 1991-жылы 23-ноябрда Кара-Суу орто мектебине залкар манасчы Шапак Рысмендеевдин ысымы ыйгарылган. 2001-жылы эски мектеп өрттөнүп кетип, жаңы мектеп 2002-жылы 1-сентябрда пайдаланууга берилген.
.
Вы можете дать больше информации, так как это редактируемая страница сайта
На этой странице возможно добавить:
- Текст
- Фото / Видео / Документы
- Таблицы
- Списки
- Ссылки
- Разные цвета